Чыңгысбек Узакбаев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 18-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Чыңгысбек Узакбаевди кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду.