Токон Мамытов: “Баткенде кырдаал туруктуу, азык-түлүк жеткирүүгө көңүл буруу керек”

Бүгүн, 18-январда  КСДП фракциясы жыйынында вице-премьер-министр Токон Мамытов Баткен облусундагы абал тууралуу маалымат берип, бир катар маселелерди жабык эшик артында талкуулоону суранды. Анын айтымында, азыркы тапта облустагы абал туруктуу, бирок айрым жерлерге азык-түлүктү жеткирүүгө көңүл буруу керек. 
Депутаттар колдоого алышып, өкмөт мүчөлөрү менен Баткен облусундагы чек арадагы абалды жабык эшик артында талкуулашууда.
Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов журналисттер менен жолугушууда чек ара чатагынын хронологиясын айтып, "жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты" деген Чек ара кызматынын маалыматын аныктады. Окуя болгон жерден 6 оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган
Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, тажик тараптан 2 адам жаракат алган.Кыргызстандык 3 чек арачы Бишкекке дарылоого алынып келинген.
Баткенде кырдаал туруктуу жана Ак-Сай – Көк-Таш жол курулушу улантылууда. Бирок тажик тарап айланып өтчү жолдун курулушуна каршы экенин билдирип келүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан