17-январдагы тегерек столго катышып жатып вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев
"тез арада көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын укугун коргоп, айланасында мыйзамсыз салынып жаткан курулуштарды токтотуу зарыл" деп билдирди.
Тегерек столдо " Көп кабаттуу үйлөрдө жалпы мүлктү мамлекеттик каттоодон өткөрүү жол-жоболору" жана "Көп кабаттуу үйлөрдө жер тилкелеринин чек арасын аныктоо " тууралуу долбоорлор көрсөтүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев бүгүнкү жолугушууда ири шаарлардын тургундары үчүн маанилүү болгон көйгөйлөрдүн бири - көп кабаттуу үйлөрдүн жер тилкесинде жайгашкан турактуу жана турактуу эмес жайлардын ээлеринин укугун коргоо маселеси караларын айтты.
"Бул маанилүү көйгөйдү чечүүдө бийликтин өкүлдөрү, айрыкча жеке өзүн-өзүн башкаруу уюмдары көңүл буруусу зарыл. Жыйында көрсөтүлгөн долбоорлор биз үчүн абдан маанилүү. Өзгөчө "Көп кабаттуу үйлөрдө жалпы мүлктү мамлекеттик каттоодон өткөрүү жол-жоболору" долбоору - учурдагы көп кабаттуу үйлөрдүн жер тилкелерине мыйзамсыз курулуп жаткан жагдайларга каршы чара көрүү ыкмасы. Төмөндөгү мамлекеттик мааниси бар токтомду кабыл алуу менен, тургундар жер тилкесин мыйзамдуу түрдө коргой алган, тиешелүү документтерге ээ болот",- деди ал.