Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов "Ала-Тоо 24" телеканалынын түз эфиринде жол кырсыгы боюнча былтыркы жылдын жана быйылкы жылдын 9 айынын статистикасы менен тааныштырды.
Ал былтыр 7423 жол кырсыгы катталса, быйыл 9 айда 9078 жол кырсыгы катталганын белгиледи.
"Былтыр 514 адам каза болуп жатат. 636 адам ар кандай жаракаттарды алган. Анча-мынчасы өмүр бою баспай калган, акыл-эсин жоготуп калган учурлар болуп жатат. Быйыл 9 айда эле 636 адам көз жумуп жатат. 1000ге жакыны ар кандай жаракаттар менен ооруканаларга жатып, көпчүлүгү майып болуп калды", - деди Салимжанов.
Ошондой эле ал Кыргызстан жол кырсыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң алдынкы көрсөткүчкө чыкканын кошумчалады.