Бишкекте эски имараттан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-ноябрда Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан эски имаратта чыккан өрт саат 18:07де чектөөгө алынып, саат 20:09да толук өчүрүлгөн.
Буга чейин ӨКМ эски имараттан өрт чыгып, өчүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.