Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2013-жылдын 31-декабрына карата 2 миллиард 238 миллион долларды түздү. Бул туурасында КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын башынан бери эл аралык дүң резервдердин көлөмүнө өлкөнүн ички рыногунда жүргүзүлгөн валюталык операциялар, эл аралык резервдерди башкаруудан түшкөн кирешелер, эл аралык резервдер, курамына кирген валюталардын курсунун өзгөрүүсү, алтындын баасынын өзгөрүүсү таасир берген.