2014-жылдын 18-январында Өкмөт мүчөлөрү жана “Centerra Gold Inc.” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү алып барган Кеңеш берүүчү совет “Кумтөр” долбоору боюнча келишимдин негизги шарттарына киргизилген акыркы оңдоолорду карап чыгып, колдошту. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, 2013-жылдын жыйынтыгы менен “Centerra Gold Inc.” 145 миллион доллар таза киреше алган, ал эми Кыргызстан болгону 11 миллион 400 миң долларга ээ болгон.
“Эгерде Меморандум сентябрда колдоо тапса, Кыргызстан мындан да көп киреше алмак. Биз 72 миллион доллар жана Биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталганы үчүн дагы 7 миллион долларга ээ болмокпуз. Өлкө бир жыл ичинде ар кандай грант жана эл аралык жардам иретинде 40 миллион доллар алат. Биз сырттан донордук жардамдарды күтүп үмүттөнө беребиз, ошол эле кезде биргелешкен ишкана 80 миллион доллардан кем эмес каражат бермек. Мага “жашыруун мекенчилдердин” ою жана кыйкырыктары түшүнүксүз. Мындай “куру мекенчилдер” саясий упай топтоо үчүн мекендин, Кыргызстандын тагдыры менен ойноп жатат. Былтыр мына ушул “мекенчилдердин” кесепетинен өлкө 80 миллион доллар албай калды. Балким, аларды калктын айрым катмарлары колдоп, баатыр деп санап жатышкандыр. Бир канча убакыттан соң мезгил алардын туура эмес кадамдарга барганын далилдейт”,- деди премьер-министр өз сөзүндө.