Ноокат районунда К.Надиров орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди

19-январда Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында жайгашкан Камалидин Надиров орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге КРнын Жогорку Кеңешинин биринчи вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ахмаджан Махамадов, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Бекболот Айтиев, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Маматалиев Муктар Абдырайымович, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абибилла Халмурзаев жана башкалар катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зайнибидин Мамасадыков билдирди. 
Маалыматка ылайык, келген коноктор алгач мектепке аты ыйгарылган Ооган согушунун катышуучусу Камалидин Надировдун урматына тургузулган эстеликти ачып, гүлчамбар коюшту. Ачылуу аземинен кийин вице-спикер Т.Зулпукаров мектептин алтын ачкычын мектеп директору Абдырахманова Тынарага тапшырды. Андан соң келген коноктор менен бирге мектептин жаңы имаратынын лентасы кыркылып, окуу имаратынын ички жасалгасы менен таанышып чыгышты. Ал эми ата-энелер, айыл тургундары жана аксакалдары үчүн атайын концерттик программалар, сый тамактар уюштурулуп, айыл жергесинде майрамдык маанай белгиленди.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Ноокат районунун аймагында мындан башка дагы 7 мектептин имараты, бир мектептин жатаканасы,  5 мектептин спорт залдары курулуп бүткөрүлүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан