Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык токтом кылынып, Кылычев Акылбек Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи жана Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кылычев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору болчу.