2013-жылы өлкө боюнча 1,2 миллион тонна дан эгини жыйналган. Бул көрсөткүч 2012-жылга
салыштырмалуу 420,4 миң тоннага көп. Анын ичинде буудайдын түшүмдүүлүгү 2012-жылы
561,1 миң тонна болсо, өткөн жылы 875,2 миң тоннага жеткен. Бул тууралуу өкмөттүн
басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан Кыргызстан боюнча 485,9 миң гектар аянт
жыйналып, 2012-жылга салыштырганда айдоо аянты 36,2 миң гектарга кеңейтилген. Буудайдын
түшүмдүүлүгү бир гектардан 25,7 центнерге барабар болгон.