Киевдеги баш аламандык учурунда Виталий Кличко өрт өчүрүүчү каражаттын бутасы болду

Украиналык “Удар” партиясынын лидери, мушкер, WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Виталий Кличко Киевдеги баш аламандык учурунда өрт өчүрүүчү каражаттын бутасы болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-январь күнү катталган. Митингге чыккандар коопсуздук кызматкерлери тарапка күйүүчү жана жарылуучу каражаттарды ыргытышкан. Ушул учурда коопсуздук кызматкерлери өрт өчүрүүчү каражатты колдонууга мажбур болушкан.

Кличко чогулган элдин алдына чыгып, Украинанын президенти Виктор Януковичти белгилүү Муаммар Каддафи жана Николае Чаушескунун тагдырын кайталоодон качуусун эскертти. “Бул бийлик толугу менен алмашууга тийиш. Чаушеску менен Каддафинин тагдырын кайталоодон качыңыз”,- деди мушкер.

Эске салсак, Ливияны 42 жыл башкарган Муаммар Каддафинин бийлиги 2011-жылы жыйынтыкталып, президент өлтүрүлгөн. Ал эми Румынияны 1974-1989-жылдар аралыгында башкарган Николае Чаушеску сот тарабынан атууга буйрулган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан