Ош облусунда мыкты ички иштер бөлүмдөрү аныкталды

18-январь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча  «Мыкты ички иштер бөлүмү» кароо-сынагынын жеӈүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Бул салтанатка Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Тагаев Ашым Гапарович жетектеген Ош ОИИБнин бөлүм башчылары, райондук ички иштер бөлүмдөрү жана өздүк курам катышты. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев билдирди.

 Маалыматка ылайык, А.Тагаев  тарабынан 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда жана күрөшүүдө жогорку көрсөтүчтөргө жетишкендиги үчүн  «Мыкты ички иштер бөлүмү» кароо сынагынын жыйынтыгы менен 1-орунга Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү (башчысы милициянын полковниги Орозбаев Марат) ээ болуп, өтмө Кызыл туу тапшырылып, 15 миӈ сом  акчалай сыйлык жана биринчи даражадагы диплом менен сыйланды. Ал эми экинчи орунга ээ болгон Ноокат райондук ички иштер бөлүмү (башчысы милициянын полковниги Боронов Мурат) 10 миӈ сом акча жана экинчи даражадагы диплом менен сыйланды. Шарты катаал район болгон Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмү (башчысы милициянын полковниги Караев Бакыт) 3-орунга ээ болуп, 5 миӈ сом жана үчүнчү даражадагы дипломго татыктуу болду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан