Казакстандагы алдынкы жогорку окуу жайлардын бири болгон Назарбаев университетинен 2014-2015-окуу жылына кыргызстандыктарга эки гранттык орун бөлүндү. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 20-январда кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган окуу жайга тапшырууну каалоочулар сынактан өтүшү зарыл. Назарбаев университети боюнча толук маалымат менен мекеменин расмий сайтынан таанышып алса болот.
Белгилей кетсек, Казакстандын борбору Астанадагы Назарбаев университети 2010-жылы ачылган.