Кыргыз-тажик чек арасынын жабылганына байланыштуу Тажикстанда күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттады. Учурда ал жакта А-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 7 сомониге, тагыраак айтканда, 70 сомго барабар болууда.
Чек арага жакын жашаган айылдардын тургундарынын айтымында, күйүүчү майдын баасынын жогорулашынан улам жол кире көтөрүлүп, маршруттук таксилер каттабай калган.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасы 11-январда эки тараптын аскерлеринин атышуусунан соң жабылган.