Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция 2 жылда 490 кылмыштын бетин ачты

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 2 жылда 490 мыйзам бузуу фактысын аныктады. Муну бүгүн, 20-январда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Анарбек Калматов айтты. 

“Бул орган түзүлгөндөн кийин өкмөт тийиштүү жобону иштеп чыгышы керек болчу. Бирок 2 жылдан бери өкмөт мыйзам алып келген жок. Бул орган 2 жылда 490 мыйзам бузуу фактысынын, 5000дей эреже бузууларды ачыкка чыгарды. Бирок булардын материалдарын сот карабай жатат. Анткени Административдик кодексте мындай орган жок. Булардын ишин кантип карайт?”- деди Калматов.

А.Калматов бул кемчиликти жоюу үчүн “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан