Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1500 токойчу бар. Муну бүгүн, 20-январда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында Токой чарба жана курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабир Атажанов билдирди. Жыйында экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын ишине байланышкан мыйзам каралууда.
Депутат Сайдулла Нышанов: “Кыргызстандын токой байлыгы токойчулардын күчү менен кармалып турат. Экотехинспекциянын өкүлдөрү токойчуларга конокко эле барбаса, жөн барбайт”,- деп сындады.