Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 20-январдагы жыйынында депутаттар Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны жоюуну сунуштоодо. Депутат Анарбек Калматовдун айтымында, бул орган өз милдетин аткара албай жатат. “Бул орган түзүлгөндөн кийин өкмөт тийиштүү мыйзамдарды Жогорку Кеңешке сунушташы керек эле. Бирок өкмөт бул багытта кымындай иш кылган жок”,- деди депутат.
Жыйында Токой чарба жана курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги менен аталган инспекциянын иши аралашып кеткени айтылууда.