Бүгүн, 20-январда күндүн экинчи жарымында Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларындагы мэр шайлоонун жыйынтыгын бекитип бериши керек.
Күн тартибине жалпысынан 6 маселе коюлган. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында 2014-жылдын 15-январында өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитүү да каралаган.
Эске салсак, 15-январь күнү Ош жана Бишкек шаарларында мэр шайлоо өткөн. Баш калаада 41 добуш менен Кубанычбек Кулматов утуп чыккан. Ош шаарында 25 добуш менен Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайланган.