Депутат Д.Жумабеков: "Бала жаңы төрөлгөндө үй-бүлөгө берилүүчү каражаттын өлчөмүн көбөйтүү керек"

Жогорку Кеңеште жаңы төрөлгөн балдарды социалдык жактан коргоого алууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу депутат Дастанбек Жумабеков маалымдады.
Анын айтымында, азыркы учурда долбоорду даярдоо иштери аяктады, эми КРнын Өкмөтүнө, андан соң парламенттик фракциялар менен тармактык комитеттердин кароосуна жөнөтүлмөкчү.
“Мыйзам долбоорунун негизги максаты - жаңы төрөлгөн балдардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик жардамды жакшыртууга, андан тышкары өлкөдө балдардын санын жогорулатууга багытталган”,- дейт Д.Жумабеков. 
Бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн жылына 6 миллиард сом кошумча каражат керектеле турганын маалымдады. Депутаттын пикиринде, Кыргызстанда жылына 117 миң ымыркай төрөлөт. “Өлкө калкынын өсүү деңгээли 3 пайызды түзөт. Эгерде азыртадан зарыл чаралар көрүлбөсө, өлкөдөгү демографиялык абал бузулушу мүмкүн”,- деп кошумчалады депутат. Эгерде мамлекеттик бюджет жетишсиз болсо, энелик капиталды кайрадан карап чыгуу сунушталат.
“Бирок кийинки жылдары бала төрөлгөн үй-бүлөгө берилчү каражат өлчөмүн көбөйтүш керек. Мисалы, Орусиядагы энелик капитал көлөмүн алалы, 2007-жылы ал 250 миң рублду түзсө, 2008-жылы 276 миң рублга чейин көтөрүлгөн, ал эми 2013-жылы 430 миң рублга жетти”,- деди эл өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан