Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 20-январдагы жыйынында Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин жөнгө сала турган мыйзам биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи депутат Анарбек Калматовдун айтымында, инспекция көптөгөн мыйзам бузууларды аныктаганына карабай сот материалдарды карабай жатат. Буга байланыштуу инспекциянын ыйгарым укуктарын күчөтүү керек.