Кыргызстанда учурда карышкыр атуу боюнча 58 бригада иштеп жатат. Муну ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында Токой чарба жана курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабир Атажанов айтты.
Айтымында, бир жыл ичинде бригадалар тарабынан 400дөн ашык карышкыр атылды.
Депутат Эркингүл Иманкожоева Барскоондо карышкырлар адамдан коркпой калганын билдирди. “Айрым үй-бүлөлөр бир жылда бир да кулун ала албай калууда”,- деди ал.