Ош мамлекеттик университетинде окутуучулардын жана кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга жогорулады

Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде профессорлордун, доценттердин, улук окутуучулардын, окутуучулардын жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин маянасы 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Керимбек Калыкулов маалымдады.

"Университет окутуучулардын маянасын жогорулатуу аркылуу аларга стимул жаратууну, турмуш шартын жакшыртууну жана айрым негативдүү көрүнүштөргө окутуучулардын мыйзамдуу кирешесин көбөйтүү менен бөгөт болууну көздөйт”, - деп билдирди ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков.

Өз кезегинде ОшМУнун мугалимдер жамааты жетекчиликтин мындай чечимин жылуу кабыл алганын айтып, ыраазычылык  билдирип жатышат.

Эске сала кетсек, 2012-жылдан бери  жыл сайын бир айлык эмгек акынын толук өлчөмүндө сыйлык акча берилип келет. ОшМУда учурда 3 миңге жакын окутуучулар жана  кызматкерлер эмгектенишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан