Конституциялык палатага келген кайрылуулардын 53 пайызы кайра артка жиберилген

Конституциялык палатага (КП) жиберилген жарандардын жана юридикалык жактардын 53 пайыз кайрылуулары өндүрүшкө кабыл алынбай, мыйзамдуу түрдө кайра артка жиберилген. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда КРнын сот системасын көзөмөлдөгөн жарандык кеңешинин мүчөсү Жанабил Давлетбаев билдирди.
Анын айтымында, Конституциялык палатанын кандай маселелер боюнча арыздарды кабыл алары тууралуу жарандардын билбегендиги себеп болот.

“КПга келген кайрылуулардын ар бир бешинчиси Жогорку Соттун токтомдору баш мыйзамга дал келбегенине арналган. Бирок Конституциялык палата бул маселени кароого укугу жок. Муну жарандар билбейт экен”,- деп Жанабил Давлетбаев түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, аталган жарандык кеңеш 2 жылдан бери сотторду жана жалпы сот реформасын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан