Кыргызстанда 2014-жылы сот системине бөлүнчү акча 100 миллион сомго көбөйөт. Муну бүгүн, 20-январда каржы министри Ольга Лаврова ЖКнын Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинде билдирди. Айтымында, 2013-жылы бул тармакка 404 миллион сом бөлүнгөн.
“Сот тармагында жүргүзүлүп жаткан реформа боюнча дээрлик 2,5 миллиард сом бөлүү керек. Азырынча мынча каражат бөлө албайбыз”,- деди министр.
Жыйында каржы министри КРнын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт берүүдө.