“Өкмөт өкүлдөрү жасай турган ишти айла жок депутаттар жасап жатабыз”,- деди депутат Анарбек Калматов ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстар, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 20-январдагы жыйынында. Айтымында, өкмөт жаңы мамлекеттик органдарды түзүп, бирок тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизбей жатат.
“Өкмөт түздөн-түз өзү жасашы керек болгон иштерди аткарбай жатат. Мыйзам боюнча, жаңы мамлекеттик орган түзүлгөндөн бир ай өтпөй өкмөт тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунушташы керек. Эмнеге муну жасабайт?”- деди Калматов.
Депутаттын нааразычылыгын башка эл өкүлдөрү да колдошту.