Укук коргоо органдарында айлыкты көтөрүү үчүн 2014-жылдын бюджетинен 1,6 миллиард сом каралды

Укук коргоо органдарында иштегендердин айлыгын көтөрүү үчүн 2014-жылдын бюджетинен 1,6 миллиард сом каралды. Муну бүгүн, 20-январда ЖКнын Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин жыйынында каржы министри Ольга Лаврова билдирди.

Маалыматка таянсак, укук коргоо тармагында иштегендердин маяналары 1-марттан баштап 37 пайызга көбөймөкчү. Тийиштүү токтомго 14-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан