Дастан Айжигитов: "2014-жылы сот системин каржылоого бөлүнгөн каражат муктаждыкка 30 пайыз жетпейт"

ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин 20-январдагы жыйынында Соттор кеңешинин төрагасы Дастан Айжигитов “2014-жылы сот системин каржылоого бөлүнгөн каражат муктаждыкка 30 пайыз жетпейт” деп билдирди. 
Анын айтымында, каржылоо жыл сайын азайып жатат. “2014-жылдагы каржы муктаждыгы 729,7 миллион сом болуп жатат, бирок 504 миллион сомду бөлүү пландалууда. Бул 30 пайызга аз”,- деди ал. Мындан сырткары 2013-жылы 668 миллион сом керек болгондо, 200 миллион сом аз берилгенин айтты. 
"Сот системи эки бөлүккө бөлүндү. Жергиликтүү соттун аппаратындагылар мамлекеттик кызматтын аппаратына өттү. Биз мында кемчиликтерди жоюу үчүн тийиштүү жерге кат жолдодук" деп кошумчалады.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан