Араван районундагы мөмө-жемиш базарында чыккан өрттөн 110 сатуучу материалдык чыгым тарткан. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда аталган райондун акими Шамил Жусупов билдирди.
"Өзүңөр билгендей, бир чоң базар өрттөнүп кетти. Учурда сатуучулардын күнүмдүк турмушун улантуу үчүн базардын арт жагына аларды отурукташтырдык. Бир-эки күндө эксперттер базарды кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн деген аныктама беришсе, биз тез арада ремонт иштерин баштайбыз. Азыркы тапта сатуучулар тарабынан ар кандай арыздар келип түшүүдө. Көпчүлүгү ар кандай банктардан, кредиттик союздардан акча алып соода кылышкандар экен. Биз банктарга кайрылуу жасап, сатуучулар үчүн убакыт коюп берүүсүн суранып жатабыз",- деди Жусупов.
Эске салсак, 17-январь күнү Араван мөмө-жемиш базарынан саат 06:25те өрт чыгып, базар толугу менен күйүп кеткен.