Коргоо министрлиги Баткен жана Лейлек райондорундагы резервдик күч түзүмдөрүн чогултуп, согуш же жарандык кырсык учурунда жана башка өзгөчө кырдаал түзүлгөндө өлкөнүн стратегиялык маанилүү объекттерин коргоо, абалды тартипке салуу боюнча машыгуу өткөрүп жатат. Бул туурасында бүгүн, 20-январда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын катышуусунда өтүп жаткан бул машыгууга коргоо министрлигинин офицерлери, сержанттары жана катардагы жоокерлеринен тышкары жашы 50гө чейинки аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү жарандар да катышууда.
Аларга өлкөнүн стратегиялык маанилүү объекттери тууралуу түшүнүк берилип, аларды кантип коргоонун ыкмалары үйрөтүлүүдө.