"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров кечээ, 22-ноябрда сурак берип чыкканы айтылууда. Бирок ал кайсы мекемеде болгону азырынча белгисиз.
Буга чейин аталган партиянын Facebook баракчасында 22-ноябрь күнү болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүшкөнү, натыйжада, үйдөгү сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынганы тууралуу маалымат жарыяланган. Тинтүү процесси саат 12:00дө аяктап, саясатчыны укук коргоо кызматкерлери белгисиз тарапка алып кетишкени белгиленген.