ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин 20-январдагы жыйынында депутаттар каржы министрине сот системин реформалоодо кадамдарды өзгөртүү сунушун айтышты.
КСДП фракциясынын депутаты Токтогул Туманов каржы министрлиги сот системиндеги каржылоо маселесин кайрадан карап чыгышы керектигин айтты. “3 жылдан кийин сот системин реформалоо аяктайт. Бирок өкмөт тийиштүү көңүл бурбай жатат. Мындай мамилени өзгөртүү керек”,- деди Туманов.
Депутат Данияр Тербишалиев каражаттын жетишсиздигинен жергиликтүү соттордун абалы начар экенин кошумчалады. “Көчмө жыйындардын жүрүшүндө тез арада бул маселени чечүү керектигин түшүндүк”,- деди Тербишалиев.
Каржы министри Ольга Лаврова аталган системдин реформалоосундагы иш-чаралар үчүн каражат табууга аракет кыларын айтып, жетиштүү көңүл бурууга убада берди.