Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
"Иш-чара 2025-жылдын 26-27-ноябрында Бишкек шаарында өтөт жана ЖККУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болот",- деген ал.
Сагынбек Абдумуталип жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, тагыраагы, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын башчысы Владимир Путин жана Тажикстан мамлекет башчысы Эмомали Рахмон катышарын белгиледи.
"Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылууда",- деп кошумчалаган ал.