Биз социалдык тармакта

Казакстандын президенти Ош шаарынын мэрин "Достук" ордени менен сыйлады

Ош шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Атам жөнүндө баян" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарали Мадаминов, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мэр Жеңишбек Токторбаев Казакстандын президенти тарабынан 2-даражадагы "Достук" ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Аида Балаева тапшырып, мэрге элдин достугун даңазалоодо Ош шаарында жасалган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Мындан тышкары, президент Касым-Жомарт Токаевдин китебинин негизинде тартылган "Бауыр" аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан