Кыргызстандагы 1,3 миллион гектар жер аянты айыл чарбада колдонулат. Бул тууралуу бүгүн, 20-январдагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев иштетилип жаткан жер аянттары тууралуу суроо узатып, жер бөлүштүргөн фонд тарабынан түшчү салыктар тууралуу суроо узатты. Министрликтин өкүлдөрү бул суроону салык кызматына берүү керектигин айтышып, жооп бере алышкан жок. "Силер жер жөнүндө билбесеңер Айыл чарба министрлиги анда эмне менен алектенип жатат? Силер кырдаалды талдап, кирешелерди көзөмөлдөйсүңөрбү? Биз эки айылдык аймакты текшердик. Эки айылды көзөмөлдөй албасаңар, өлкөдө баш аламандык болуп жатат го”,- деди Балтабаев. |