Кыргызстанда 2013-жылы өрт кырсыктарынын саны 15 пайызга өстү
“Кыргызстанда былтыр өрт кырсыктарынын саны 15 пайызга өстү”,- деп билдирди бүгүн, 20-январда ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү
комитетинин жыйынында ӨКМнын алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик агенттиктин
башчысы Нуржан Осмоналиев.
“Өрт кырсыктары көбүнчө мектептерде, бала бакчаларда жана кампаларда
болот. Өрттүн келип чыгышына тийиштүү мамлекеттик органдын, мекемелердин
техникалык абалын толук текшербей жатышы себеп болууда”,- деди Осмоналиев.
Айтымында, өткөн жылы өлкө боюнча 1860
техникалык текшерүү болду.