Чүй облусундагы Петровка айылдык аймагындагы 235 гектар жер аянты арзандатылган баада, аукцион өткөрүлбөй туруп бөлүнүп берилген. Бул тууралуу бүгүн, 20-январдагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
"Жерлерди чиновниктер сатып алышууда. Эки айыл аймагынын жетекчисин жоопко тартып, башка аймактарга бул тууралуу маалымат берүү керек. Башкалар да билиши керек мыйзам бузуу эмнеге алып келерин”,- деди Туратбек Мадылбеков.
Комитеттин төрагасы Анарбек Калматов айыл аймактарынын башчыларын жоопко тартууда маселе чечилбесин айтты.