Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев иш сапары менен Орусиянын Екатеринбург шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчынын бул 4 күндүк иш сапарынын негизги максаты - кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, эмгек мигранттары менен жолугуу, алардын көйгөйлөрүн угуу, чечилбеген маселелеринин чечилишине көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Иш сапарынын алкагында Бактыбек Аманбаев КРнын Екатеринбургдагы башкы консулу Т.Кожобаев, Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Мерзлякова, облустун аймактык өнүктүрүү жана улуттар аралык мамилелер боюнча вице-премьери Я.Силин, облустун Эмгек жана жумуштуулук менен камсыздоо департаментинин директору Д.Антонов менен жолугушат.