Лейлекте эки өткөрүү пункту жабылгандыктан, жергиликтүү тургундар айланма жол аркылуу каттап жатышат

Баткен облусунун Лейлек районунда 11-январдагы окуядан соң эки өткөрүү пункту жабылгандыктан, учурда райондун жашоочулары Лейлек районунун бир тарабынан экинчи тарабына өтүү үчүн Булак-Башы айылындагы айланма жолун тегеренип жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Разаков бүгүн, 20-январда билдирди.

 

"Аталган айланма жол аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, өткөрүү пункттарынын жабылышы менен жергиликтүү жарандар өтө деле кыйынчылык тарткан жок. Учурда Лейлек районунун аймагында коомдук-саясий абал тынч»,- деп билдирди Жеңиш Разаков.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан