Бүгүн, 30-ноябрда президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова Бишкектеги университеттердин биринде жайгашкан шайлоо тилкесинде добуш берди.
Өлкө башчысы жарандарга шайлоого активдүү катышууга чакырып, шайлоо өзгөчө багытты көздөгөндүгүн билдирди.
"Бул өзгөчө шайлоо, анткени бүт система автоматташтырылган. Адам фактору катышпайт. Мурда болсо, өзүңүздөр билесиздер, бюллетень чыгарып алып, ар бир тилкеде 100дөн, 50дөн ашыкча коюулган. Шайлоочулардан ашкандарын бир талапкерге добуш берип салып койчу. Азыр андай эмес. Баарын компьютер эсептейт, жыйынтыгын чыгарат. Кыскасы, адам фактору катышпайт", - деди өлкө башчысы
Ошондой эле ал жайдан тышкары жакта добуш берүү маалыматын берип, алыскы аймактардан борборго же башка жактарга барып калгандарда тилкелерге кирип, милдетин аткарып кетсе боло тургандыгын эскертти. Президент добуш берүүгө 5 эле мүнөт убактысы кеткендигин билдирип, мындан аркы өтө турган шайлоолордогу шарттар туурасында кошумчалады.
"Жергиликтүү депутаттарды шайлоо же кийинки жылы боло турган президенттик шайлоо болобу жакшы шарттарды түзүп берип, адам фактору аралашпагандай кылып, келечекте түбөлүк чыр чыкпагыдай кылып десем да болот, жасап жатабыз. Азыр бир эле маселе шайлоочулар добушун сатып жиберген учурлар болуп жатат. Талапкерлер сатып алган көрүнүштөр да болуп жатат. Баары сатылып жатат деп айтпайм. Басымдуу бөлүгү эч кандай акчага да кызыкпайт. Анткени көпчүлүгүнүн жашоо турмушу жакшырып, дүйнө таанымы өзгөрдү", - деди өлкө башчысы
Ал кошумчалагандай, өлкөдө 10 чакты шайлоого байланыштуу мыйзамсыз аракеттер катталып, өз жазасын алууда.