Бүгүн, 30-ноябрда өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. БШКнын маалыматына таянсак, саат 16:00гө карата шайлоочулардын 25 пайызы, тагыраагы, 1 миллион 73 миң 444 адам добуш берүүгө катышты.
Айта кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо республика боюнча жалпы 2 миң 492 шайлоо тилкеси, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси иштеп жатат.
Шайлоочулардын тизмесине 4 миллион 294 миң 243 жаран киргизилген.