Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 20-январда “бүгүн Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери өздөрүнүн милдеттерин аткарууга киришишет” деп билдирди.
Анын айтымында, 17:00дө Бишкек шаардык мэриянын аймактык шайлоо комиссиясы расмий түрдө протоколду жарыялайт. Ош шаарынын жаңы шайланган мэри азыр борбордо болгондуктан, милдетин аткарууга 21-январдан баштап киришсе болот. "Мэрлерге кызматын эл баалап, ишеним көрсөтүшү үчүн убакыт берүү керек",- деди Абдраимов.
Эске салсак, бүгүн Кубанычбек Кулматов менен Айтмамат Кадырбаевге мэрдин күбөлүгү тапшырылды.