Кыргыз Эл сүрөтчүсү Виктор Сырнев Италияда өткөн эл аралык дизайнерлердин сынагында жеңүүчү аталды

Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Виктор Сырнев Италияда өткөн эл аралык дизайнерлердин DCA аттуу сынагында жеңишке ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда сынактын расмий сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, Виктор Сырнев "Зер буюм жана кол саат", "Чыгармачыл мурас жана түбөлүк жашыл дизайн" аталышындагы эки номинацияны утуп алды.
Белгилей кетсек, 1986-1990-жылдары Виктор Сырневдин Бишкектеги Бакыт үйүнө жасаган асма шамы платиналык байгеге, ал эми "Ханыша" шакеги жана "Анастасия" зер буюму алтын медалга ээ болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан