Бүгүн, 1-декабрда Ынтымак-Ордодо өлкө башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар менен жолугушуусунда буга чейин депутаттык орундар сатылып келгенин айтты.
"1-орундан 10-орунга чейин 1 миллион доллардан баштап сатылчу. 10дон аркысы 100 миң, 50 миң болчу. Башкача айтканда, айрым талапкерлер партиядагы "алтын орун" үчүн акча берип коюп эле жата беришчү, эл менен да жолугушуу кылышчу эмес",- деди президент.
Жапаров шайлоо тутумундагы коррупциялык элементтер жоюлганын кошумчалады.