Бүгүн, 21-январда Бишкектеги К.Баялинов атындагы китепканада Мартин Лютер Кингге арналган "Менин кыялым бар" дилбаян-сынагынын сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу "Америка борбору" бөлүмүнүн жетекчиси Айгерим Курманалиева билдирди.
Анын айтымында, сынак 2013-жылы сентябрь-ноябрь айларында өткөн. Дилбаяндар кыргыз, орус жана англис тилинде кабыл алынган. Жалпысынан үч жеңүүчү болот.
"Сыйлык тапшыруу аземине КРдагы АКШнын элчиси Памела Спратлен катышат. Мындан тышкары Мартин Лютер Кингге арналган талкуу өткөрүлөт",- деп Айгерим Курманалиева кошумчалады.
Белгилей кетсек, Мартин Лютер Кинг (1929-1968) АКШдагы афроамерикалыктардын укуктары үчүн күрөшкөн белгилүү коомдук ишмер. Демократияны өнүктүрүү үчүн 1964-жылы "Нобель" сыйлыгына ээ болгон.