Вице-премьер-министр Токон Мамытов менен Тажикстандын
вице-премьер-министри Муродали Алимардон 24 же 25-январда жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүсү күтүлүүдө. Маалыматтарга таянсак, жолугуп сүйлөшүүнү тажик тарап демилгеледи. Жолугушуу Бишкекте же Баткенде өтөрү айтылууда.
Эскерте кетсек, 11-январда Баткендин Ак-Сай аймагында эки өлкөнүн чек арачылары атышып кеткен. Кыргыз тараптан 6 жоокер жаракат алып, алардын үчөөсү учурда Бишкек шаарында дарыланууда. Окуяда биринчи болуп тажик аскерлери ок чыгарган. Бирок тажик бийлиги муну моюнга албай, күнөөнү Кыргызстанга коюуда.