Интернет желесинде жолдошу үчүн уулу менен кызынан өч алып, аларды сабап жаткан эненин видеосу тарады.
Коомчулук жүрөк үшүн алган окуяга түрдүү пикир калтырышууда. Көпчүлүк ата менен эненин мамилесинен жапа чеккен "балдарда эмне күнөө" деген пикир калтырышууда.
Тасмада аял жаман сөздөр менен сөгүнүп, эки баласын фендин чубалгысы менен чаап жатканын көрүүгө болот.
Окуя кайсы жакта болгондугу ачыкталган эмес. Тийиштүү кызматтардан да расмий маалымат бериле элек.