Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында бир учурда 54 жуп никеге турду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Көпчүлүгү акыркы айларда жакындарын жоготкон, үйлөрү талкаланып, көчүүгө мажбур болгон.
Иш-чара ачык асман алдында гуманитардык уюмдун жардамы менен уюштурулуп, жаштарга жаңы жашоону баштоого мүмкүнчүлүк берди. Жергиликтүүлөр мындай үлпөттү үмүт жана чыдамкайлыктын символу катары баалашты.