Тажик эксперттери: “Чек ара чатагы боюнча башталган маалымат согушунда тажик тарап дагы бир жолу утулду”

2014-жылдын 11-январында Баткендин Ак-Сай аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын атышып кетиши чоң талкуу жаратканы ырас. Тажикстандык байкоочулар “окуядан кийинки маалымат согушунда тажик тарап дагы бир жолу утулду” деп айтып чыгышты. Муну коңшу өлкөнүн маалымат булактары жарыялашты.  
Ибрагим Усманов деген тажик профессору мындай дейт:
 “Кыргызстандагы интернет булактары эмнени жазып жатканы мага белгисиз. Интернет колдонбойм. Бирок биз олуттуу жана расмий булактар аркылуу өзүбүздүн чындыгыбызды далилдешибиз керек. Расмий билдирүүлөр бизде жокко эсе. Бирок иш жүзүндө бир нерселер жүрүп жатат деп үмүт кылам”. 
 Эксперт эки өлкө ортосунда маалымат согушунун башталганына көп болгонун айтат. “Акыркы 10-15 жылдын ичинде боордош өлкөлөр каршылашка айланды. Мындай учурда маалыматтык согуш ыкчам башталат. Ар ким өз чындыгын далилдөөгө аракет кылышат”,- дейт ал. 
Тажикстандык дагы бир эксперт, “Бозтоб” аналитикалык борборунун жетекчиси Раджаб Мирзо маалымат согушунда Кыргызстандын жеңип кетиши күтүлгөн иш экенин айтат.
 “Кыргызстандык ММКлар көбүрөөк көз карандысыз жана эркин. Экинчиден, Кыргызстанда маалымат каражаттарынын саны да көп. Мисалы, өлкөнүн өкмөтү, бийлиги ММКлар менен тыгыз байланышта жана көп комментарий берет. Ал эми Тажикстанда Тышкы иштер министрлигинен башка бир да расмий билдирүүнү көргөн жокпуз. Окуядан кийин тажик ММКлары маалымат гана күтүп турган учур болчу. Жыйынтык: Сапат жагынан да, сан жагынан да кыргыз ММКлары утуп кетишти”,- дейт Мирзо. 
Тажикстандын Сайфулло Сафаров деген саясат таануучусу буларды айтат: 
 “Маалыматтык согушта биздин өлкө жеңбейт же жеңилбейт. Тажикстандын кызыкчылыгын маалыматтык согушта көз карандысыз ММКлар көбүрөөк коргойт. Бирок маалыматтык согушта биз утулдук дегенге кошулбайм”. 
 Тажикстандагы Исламдык кайра жаралуу партиясы да маалыматтык согушта тажик тарап чабалдык кылганын моюнга алат. 
 “Тажикстандын бийлиги пассивдүү, унчукпаган позицияны карманып туруп алып, коңшу өлкөнүн ММКлары маалымат талаасын бир жактуу толтурушту. Партиянын саясий кеңеши бул маселе боюнча тажик бийлигинен ачык болууну талап кылат. Тажикстандын тийиштүү органдары бул көйгөйдөн оолак качып, баарын президенттин, куралдуу күчтөрдүн жана көз карандысыз ММКлардын жонуна артып койгондой таасир калтырат”,- деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан