Өткөн жылы КРнын Айыл чарба министрлиги алдындагы Балык чарба департаменти тарабынан балыкты коргоо боюнча мыйзамдын бузулгандыгы тууралуу түзүлгөн 10 акт органдарга өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу департаменттин 12 айдагы ишмердүүлүгү тууралуу жазылган отчётто көрсөтүлгөн.
Жалпысынан аталган мекеме 98 рейд жүргүзгөн жана балыкты коргоо боюнча мыйзамдын бузулганынан улам 32 акты түзүлүп, 242 миң метр браконьерлердин жайган тору жок кылынган.