Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо кирди

18-январда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Салык кодексине түзөтүүлөр салык төлөөчүлөр үчүн алардын салык милдеттенмелерин аткарууга шарт түзүү жана салыктарды администрациялоону жакшыртуу максатында киргизилген.

Мыйзам 1-беренин 9, 11, 12, 15 жана 16-пункттарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын 1-беренесинин 9, 11 жана 12-пункттары 2014-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын 1-беренесинин 15 жана 16-пункттары расмий жарыяланган күндөн тартып 2 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан